Site icon Reporter.kg

Өзгөрүүлөрдүн мезгили келди! Жаныбек Абиров Ленин районунун тургундарын үгүттөө иштерин активдүү жүргүзүүдө

Бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров “Ак-Ордо” жаңы конушунун тургундары менен жолукту.

Бул конуш эң алыскы жана маселеси көп кошунтардын бири. Жашылдандырылган аянтчалар аз, жолдору жакшы эмес, коомдук транспорт жетишсиз, билим берүү жана маданий мекемелер жокко эсе. Ошондой эле шайлоочулар Бишкектен жакшы жумуш табууга мүмкүн болбой калгандыгын, баалардын тынымсыз өсүп жаткандыгын жана алардын көпчүлүк тааныштары чет жактарга иш издеп кетүүгө мажбур болуп жатканын айтышты.

“Биз баардыгын кунт коюу менен угуп, калктуу конушка тиешелүү маселелердин тизмесин түзүп алдык. Жогорку Кеңеште муниципалдык жана мамлекеттик органдар менен кызматташуубузду бекемдеп, аны менен көпчүлүк маселелерибизди чечип алууга ниеттенип жатабыз. Ал максатка жетүү үчүн биз экономика, социалдык сектор жана инфраструктура камтылган шайлоо алдындагы программабызга таянмакчыбыз”, — дейт Жаныбек Абиров.

“Ак-Ордо” конушунун тургундары депутаттыкка талапкерлердин көңүл буруусуна маарып жатпагандыгын, алардын көпчүлүгү Жаныбек Абировго жана анын командасына ишенээрин жана аларды колдоого даяр экендигин билдиришти.

Мындай жолугушууларды Жаныбек Абиров Ленин районунун  айланасында үгүттөө иштеринин алгачкы күнүнөн тарта уюштуруп келүүдө. Ал өзүнүн алдына олуттуу милдетти коюп – ар бир тургунга кулак салып, алардын маселелери менен таанышып, көп сандаган шериктештерди тапсам дейт.

“Урматтуу бишкектиктер, ардактуу Ленин районунун тургундары! Бизге баарынан силердин колдооңор маанилүү. Силер бизге шайлоо учурунда гана эмес, андан ары да керексиңер, биз силерге таянабыз. Демилге көтөрүп, маселелерди чечүү жолдорун сунуштаганыңарды каалайбыз. Силер менен гана ийгиликтерге жете алабыз!”, — деп баса белгиледи Жаныбек Абиров.

Бардык жолугушуулар санитардык нормаларды сактоо менен өтүүдө.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин  депутаттарын шайлоо өтөт. Шайлоо бюллетенинде Жаныбек Абиров №9 менен катталган.

 

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбекович.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 13-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбековичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ахметбекова Асел Аширалыевна тарабынан төлөндү.

 

Exit mobile version