Site icon Reporter.kg

Өзүн милиция катары көрсөтүп, акча талап кылган киши жоопко тартылды

Өзүн милиция кызматкери катары көрсөтүп, 5 миң доллар талап кылган жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан ички иштер органынын мурдагы кызматкери Ш.Э.Т. аттуу жаранга карата алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыптоо актысы бекитилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (“Алдамчылык”) каралган кылмышты жасаган деп айыпталууда.

Текшерүүдө, укук коргоо органдарындагы белгилүү бир чөйрөдө байланыштары бар, органдардан терс себептер менен бошотулган Ш.Э.Т. материалдык пайда табуу максатын көздөп, кылмыш иши боюнча оор кесепеттерге алып келем деп коркутуп, ошондой эле тергөөнүн жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн экендиги тууралуу айтып, алдамчылык жолу менен Э.Э. аттуу жарандан ири өлчөмдөгү акча каражатын алгандыгы аныкталды.

Айыптоо корутундусу бекитилгенден кийин кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Exit mobile version