Быйыл Кыргызстанда кенелердин активдүүлүк сезону адаттагыдан эрте башталып, кеч күзгө чейин уланат. Жыл башынан бери кене чаккан ондогон жаранга медициналык мекемелерге, анын ичинде Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан кайрылышкан.
Кенелер кене энцефалити жана Түндүк Азия кене сыпма тумоосу сыяктуу кооптуу ооруларды алып жүрүшү мүмкүн. 2024-жылы Кыргызстанда кене чаккан 14 учур энцефалит жана 30 учур сыпма тумоосу катталган.
Кенеден кантип сактануу керек:
• Ачык түстөгү кийим кийиңиз: узун жеңдүү көйнөк, шымдарыңызды байпактын ичине кыстарып, баш кийим колдонуңуз.
• Кийимиңизге жана ачык калган дене бөлүктөрүңүзгө репеллент же акарицид каражаттарын сүйкөңүз.
• Табиятта жүргөндө жана үйгө келгенден кийин ар 1,5–2 саат сайын денеңизди текшериңиз. Өзгөчө моюнга, колтукка жана жыныс аймагына көңүл буруңуз.
• Кене энцефалитине каршы эмдөө — эң ишенимдүү коргонуу жолу. Толук эмдөө курсунан кийин натыйжалуулугу 97–100% түзөт.
Табиятта этият болуңуз жана кене чагуудан сактануу чараларын сөзсүз сактаңыз.