Пайгамбардын сүрөтү Францияда аукционго коюлушу күтүлүүдө

Пайгамбардын сүрөтү Францияда аукционго коюлушу күтүлүүдө

Ыйса пайгамбардын жашоосунун акыркы күндөрүн чагылдырган сүрөт алты миллион еврого бааланды. Аны Чимабуэ аттуу каймана атка ээ белгилүү сүрөтчү Ченни ди Пепого таандык.

Сүрөт Компьень шаарындагы жеке үйлөрдүн биринин ашканасында илинип турган. Кожойке сүрөттүн кайсы жактан келгенин билген эмес. Ал жөн гана эски сүрөт деп ойлогон. Бир канча убакыт өткөн соң, аял аны адистерге алып барган жана алар сүрөт кымбат турарын айтышкан. Бул 13- кылымдагы флоренциялык сүрөтчүнүн көп жыл мурдагы эмгеги. Сүрөттө Ыйса пайгамбардын жашоосунун акыркы күндөрү чагылдырылган. Эмгек жакынкы күндөрү Францияда аукционго коюлушу күтүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>