Site icon Reporter.kg

Индия менен Пакистан бири-бирине аскердик чабуул койду. Эмнелер белгилүү?

7-майга караган түнү Индиянын куралдуу күчтөрү Пакистандагы террордук инфраструктурага сокку урган Синдоор операциясын баштаган. Жалпысынан тогуз объектке чабуул жасалган. Ислам Республикасы пропорционалдуу эмес сокку менен жооп кайтарууга убада берди.

— Индиянын Коргонуу министрлиги «Синдур» операциясы башталганын, анын алкагында Пакистандын «террордук инфраструктурасына» сокку урулганын билдирди. Чабуул 9 жерге жасалганын айтты.

— Исламабад аба мейкиндигин 48 саатка жапты.

— Пакистандын премьери Индияга «өлкө болгон күчү менен толук жооп берүүгө укуктуу» экендигин билдирип, улуттук коопсуздук кеңештин жыйынын чакырды. Өкмөт башчынын айтымында,  Пакистандагы калктуу беш жерге чабуул жасалган.

— Пакистан ТИМи бул соккуну согуш отун жандыруунун ачык белгиси катары баалады.

— Исламабад каалаган учурда жана каалаган жерге чабул жасарын айтты. Мекеме Индиянын ойлонулбаган кадамы өзөктүк куралы бар эки мамлекетти чоң жаңжалга жакындатканын белгиледи.

— Пакистан армиясы индиялык соккунун кесепетинен 8 киши каза таап, 35и жаракат алды деп билдирди.

— Пакистандын коргонуу министри алардын Куралдуу Аба Күчтөрү индиялык 5 истребителди атып түшүргөнүн айтты.

— Индия тарап Исламабаддын аткылоосунун кесепетинен үч киши каза болгонун айтты.

— БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш  кырдаалга бир топ түйшөлүп турганын айтып, эки тарапты ынтымакка келүүгө, сабырдуу болууга чакырып, дүйнө Индия менен Пакистан менен Индиянын согушуп кетишине жол бербестигин айтты.

 

Exit mobile version