Пакистандын артиллериялык соккусунан кийин Афганистанда 9 адам каза болду

Пакистандын артиллериялык соккусунан кийин Афганистанда 9 адам каза болду

Пакистан куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык соккусунан кийин Афганистанда 9 адам каза болуп, 50 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар афган күч түзүмүнө таянып жазышууда.

Маалыматка таянсак, пакистан аскерлери эки өлкөнүн чек арасында жайгашкан Спин-Болдак аймагына артиллериялык куралдан ок чыгарышкан. Штабдын жетекчиси, афган армиясынын генералы Ясин Зия пакистан армиясын көздөй жооптук акция көрүүгө даярданууга жана 1893-жылдан бери Дюранд тилкесиндеги аскерлерди күчтөндүрүп, кошумча күчтөрдү жөнөтүнү тапшырган. 

Буга чейин июль айынын ортосунда Пакистандын армиясы Афганистандын чыгышындагы Кунар аймагына минометтор менен атканы айтылган. Анда чабуулдун кесепетинен сегиз адам каза болгон. Расмий Кабул анда Пакистан Афганистанда жаңы көзөмөл-өткөрүү бекеттерди орноткусу келип жатканын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>