Site icon Reporter.kg

Пакистан Кыргызстандагы студенттерине дагы 2 учак жөнөтөт

Пакистан Кыргызстандагы студенттерине дагы 2 учак жөнөтөт. Бул тууралуу эл аралык медиа жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Лахор шаарында өткөн пресс-конференцияда өлкөнүн вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар Кыргызстандагы кырдаал көзөмөлдө экенин белгилеген.

Ал өкмөт жарандарын Бишкектен Пакистанга  үч каттам менен акысыз алып келип жатканын, дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү дагы 2 учак учуп келерин айтты.

«Кечээ коммерциялык рейс менен 130дай студент Пакистанга кайтып келди. Ошентип, бүгүн үч коммерциялык, атайын каттам уюштурулду. Натыйжада 540 студент кайтып келе алат, жалпысынан бул сан 670 киши болот», — деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте 17-майда болгон окуяда 15 киши жабыркаган. Кыргыз өкмөтү бул боюнча иликтөө иштери уланып, күнөөкөрлөр жоопко тартыларын убадалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version