Пакистанда дааватта жүргөн кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды

Пакистанда дааватта жүргөн кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды

Пакистанда жүргөн кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ооруну жуктуруп алган адам 57 жашта, аны менен кошо дагы төрт адам жүргөн.

“Алар консулдук каттоого турган эмес. Пакистандагы Кыргызстандын элчилигине жардам сурап да кайрылышкан эмес. Азыркы тапта ооруну жуктуруп алган жаран Пакистандагы Pakistan Institute of Medical Sciences ооруканасына жаткырылган. Ал эми калган 4 кыргызстандык карантинге алынган”, — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандын Пакитсандагы элчилиги Исламабад шаарынын жетекчилиги жана укук коргоо органдары менен кызматташып жатканы айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>