Site icon Reporter.kg

Пакистанда кыргызстандык жаран коронавирустан каза болду

Пакистанда кыргызстандык жаран коронавирустан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал 9- апрелде көз жумган. Маркум 73 жаштагы Абдул Вахаб COVID-19 вирусунан сырткары кант диабети оорусу менен жабыркачу.

Басылманын билдирүүсүнө караганда, Абдул Вахаб Таблиг жамаатынын мүчөсү болгон.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө жашаган 23 кыргызстандык коронавирус жуктуруп алган.

Exit mobile version