Пакистандын Лахор шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Аны жетектөөгө К.Ю.Мехер дайындалды.
Министрликтин маалыматында, Ардактуу консулдуктун ачылышы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү иш-чара экенин, эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын деңгээлин жогорулатууга жана кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого чоң салым кошот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз