Site icon Reporter.kg

Пакистанда селден каза болгондордун саны 147ге жетти

Пакистанда селден каза болгондордун саны 147ге жетти. Өлкөдө муссон жамгырлары июнь айынын ортосунан бери уланууда жана синоптиктердин айтымында, быйыл ал адаттагыдан эки эсе күчтүү.

Өзгөчө Пакистандын түштүгүндөгү Карачи ири порт шаарында абал оор. Ал жерде бүт аймактар ​​суу алдында калып, адамдар унаалардан кайыктарга өтүүгө аргасыз болгон.

Exit mobile version