Пакистандын Пенджаб аймагында поездден чыккан өрттөн 62 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү Geo TV телеканалы кабарлайт.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт тамак жасоо үчүн колдонулган газ балондон чыккан. Күбөлөрдүн айтымында тилсиз жоо адегенде 3 вагонго жайылып, андан ары калган вагондорго өткөн.
Пакистандын темир жол министри Шейх Рашиддин айтымында, адамдардын көпчүлүгү поездден секирген учурда каза болгон.
«Tezgam» деп аталаган ылдам жүрүүчү поезд күн сайын Карачи аймагынан Равалпинге каттайт.
#Pakistan
Fire erupted in Tez gam express #TRAIN while traveling from #karachi to #lahore.. 16 has been dead and 25 injured.
Happened due to blast in gas cylinder. pic.twitter.com/RWlmHHKSAH— ??अभिषेक द्विवेदी?? (@dwivedi344) 31 октября 2019 г.