Пакистанда жүргүнчү ташыган учак кулап түштү, анын бортунда 107 адам болгон — видео

Пакистанда жүргүнчү ташыган учак кулап түштү, анын бортунда 107 адам болгон — видео

Пакистанда Карачи аэропортунун жанында «Пакистан эл аралык авиакомпаниясынын» жүргүнчү учагы кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик Рейтер агенттиги жазды.

Аталган агенттиктин маалыматы боюнча, бортто 107 адам болгон. Самолёт Карачи шаарына Лахор шаарынан учкан. Ал жерге конууга бир мүнөт калганда кулап түшкөн.

Geo.tv кабарлагандай, учак кулаган жерде бир нече турак жайлар жабыркаган. Пакистан аскерлери жана атайын кызматтары кырсык болгон жерге барышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>