Пакистандагы поезддеги өрттөн каза болгондордун саны 73 адамга жетти

Пакистандагы поезддеги өрттөн каза болгондордун саны 73 адамга жетти

Пакистандагы поездден чыккан өрттөн каза болгондордун саны 73 адамга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү Geo TV телеканалы кабарлайт.

Басылманын маалыматына караганда, каза тапкан адамдардын өздүгүн тактоого мүмкүн болбой жатат.

Өрт тамак жасоо үчүн колдонулган газ балондон чыккан. Күбөлөрдүн айтымында тилсиз жоо адегенде 3 вагонго жайылып, андан ары калган вагондорго өткөн.

Пакистандын темир жол министри Шейх Рашиддин айтымында, адамдардын көпчүлүгү поездден секирген учурда каза болгон.

«Tezgam» деп аталаган ылдам жүрүүчү поезд күн сайын  Карачи аймагынан Равалпинге каттайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>