Site icon Reporter.kg

Пакистандыктардан айдоочулук күбөлүккө кайра сынак алуу талабы айтылды

Кыргызстанда иштеп жаткан Пакистандын жана Бангладештин жарандары жол эрежелерин бузуп, кырсыктарга себепкер болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Ал бул эки өлкөдөн келген мигранттардын саны, аларга берилген эмгек визасынан бюджетке канча түшүп жатканы боюнча маалымат сурады.

«Азыр алар жеткирүү кызматында, таксиде дагы иштеп жатат. Жол эрежесин сактабай, кырсыктарга себеп болушууда. Кимдер аларга айдоочулук күбөлүк берди? Баарын текшерип, кайра сынак алыш керек», — дейт депутат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version