Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Палестинага барууга камынган адамдар боюнча билдирүү жасады.
Кыргызстандын жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышууга, же террористтик даярдыктан өтүүгө тыюу салынарын эскертет.
Бул кылмыш үчүн 5-10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
“Учурда палестина-израилдик куралдуу кагылыштын фонунда социалдык тармактарда, ошондой эле интернет колдонуучулар арасында, Палестинада жихад кылуу зарылчылыгы жөнүндө жеке колдонуучулардын жарыялары жана комментарийлер, чагымчыл билдирүүлөр активдүү жайылууда”, — дейт УКМК.
Белгилей кетсек, Бишкекте эки жолу Израилдин чабуулуна жана блокадасына кабылган Газа секторун колдоп 2 митинги өттү. Ал жарандын активисттер тарабынан уюштурулду.
Ага чейин Жогорку Кеңеште Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга карата Кыргызстандын көз-карашын билдирүү, Газага гуманитардык жардам берүү маселесин көтөрүлгөн. Депутаттар бир күндүк маянасы Палестинага которуу токтомун кабыл алышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз