Site icon Reporter.kg

Памирлик 44 адам кыргыз жарандыгын алды — сүрөт

Алайдагы Памирлик кыргыздарга паспорт берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуу Памир жана Кичи Памирден көчүрүлүп келип, учурда Алай районунун Талды-Суу айылында жашап жаткан Памирлик кыргыздарга паспорт берилди. Жалпы 44 жаранга ички жарандык паспортторун Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов тапшырды.

Өкмөт өкүлүнүн айтымында, эми Памирлик кыргыздардын жаш балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.

“Эми жаш балдарына күбөлүк беребиз. Мындан сырткары, Памирден келген туугандарыбызды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда. Негизинен Талды-Суу айылында жашап жаткан Памирлик кыргыздарга баардык шарттарды түзүп берүү иштери алгылыктуу жүрүп жатат деп ойлойм”, — деген Абдураимов

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 16-апрелде кыргыз жарандыгын кабыл алуу жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Ага Афганистан жана Кытайдан келген этникалык кыргыздардын 111и жарандык алышат. Алардын ичинен 60 чоң киши жана 51 жаш балдарга өлкө жарандыгы берилет.

Exit mobile version