Site icon Reporter.kg

Министр памирлик кыргыздар үчүн шаарча качан куруларын айтты

Памирлик кыргыздар үчүн салына турган шаарчанын курулушу келерки жылы башталат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Министр Ош облусуна болгон иш сапарында Чоң-Алай районунда жашаган памирлик кыргыздар менен жолугушкан. Ал памирлик кыргыздардын 7 үй-бүлөсү жашаган (жалпы 22 киши) №44 лицейге барып, алардын жашоо шарты менен таанышкан.

Андан тышкары ал памирлик кыргыздар үчүн курула турган шаарчага бөлүнгөн жер тилкени көрүп чыккан. Базарбаевдин айтымында, шаарчаны курууга бюджеттен 300 млн сом бөлүнгөн. Анын курулушу келерки жылы жазында башталат. Шаарчаны курууга 70 га жер бөлүнгөн.

Базарбаев жакынкы 2-3 жылда Ооганстандан Чоң-Алайга 400 үй-бүлө же 1,5 миң памирлик кыргыз көчүрүлүп келерин белгилеген.

Exit mobile version