Site icon Reporter.kg

Памирлик кыргыздарга турак үйлөрдү курууга 10 млн сом бөлүндү

Памирлик кыргыздарга 95 турак үй курулуп берилет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова памирлик кыргыздар менен болгон жолугушууда билдирди.

Маалым болгондой, Чоң-Алай районундагы памирлик кыргыздар менен жолугушууга министрдин орун басары Жылдыз Полотова, миграция маселелери боюнча башкармалыктын жетекчиси Жыпар Мамбетова жана Жогорку Кенештин депутаттары катышкан.

Анда министрдин орун басары белгилегендей, Министрлер кабинетинин программасына ылайык памирлик кыргыздар үчүн жалпы 95 турак үй куруу пландалган. Ал үчүн Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтөнүн Бурган-Суу айылынан 60 гектар жер аянты трансформацияланып, айылдын башкы планы даярдалган. Быйылкы жылы курулушту баштоо үчүн министрликтен 10 млн сом которулган.

Жолугушууда райондун акими Темирболот Абыкеев Финансы министрлигинен каражаттын бөлүнүшүн тездетип берүүнү өтүнүп, памирлик кыргыздар үчүн шарттарды түзүп берүүгө даяр экендигин белгилеген.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө Жылдыз Полотова мамлекеттик жөлөк пул, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жана майыптыгы бар адамдарга каралган социалдык кепилдиктер боюнча суроолорго жооп берди.

Эске салсак, Ооганстандагы Кичи жана Улуу Памирдеги кыргыздарды алып келүү жараяны 2017-жылы башталып, Нарын облусуна 50 түтүн көчүрүлгөн. Алардын айрымдары бир жылдан кийин кайра Ооганстанга кайтып, калган үй-бүлөлөр 2019-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районуна жайгаштырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version