Пандемия: Беш миңге жакын ишкер 3,2 млрд сом жеңилдетилген насыя алды

Пандемия: Беш миңге жакын ишкер 3,2 млрд сом жеңилдетилген насыя алды

Пандемия мезгилинде ишкерлерди колдоо үчүн ишке ашырылган программанын алкагында 5 миңге жакын ишкер 3,2 миллиард сом жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Жеңилдетилген насыя программасы үч ай мурда башталып, ага жалпы 4,5 млрд сом бөлүнгөн.

“Бүгүнкү күндө 3,2 млрд сомго жеңилдетилген насыяларды беш миңге жакын ишкерлер колуна алып, иштетип жатышат. Бул каржылоо республика боюнча бүт аймактарда катышып жаткан 11 банк аркылуу жүргүзүлүп жатат”, — деп билдирди Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министрдин айтымында, программанын негизги максаты арзан, узак мөөнөттөгү каражаттарды биздин ишкерлерге жеткизүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>