Site icon Reporter.kg

Пандемиядан кийинки алгачкы түштөнүү. Япония медиасы Жапaровдун сапары жөнүндө жазды

Императордун сарайында төрт жылдан бери биринчи жолу чет элдик коноктор үчүн түштөнүү уюштурулду. Бул тууралуу Япониянын медиасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, император Нарухито жана императрица Масако Covid-19 пандемиясы башталгандан бери конокторду даам сызууга чакырбай калган. Бүгүн Садыр Жапаров менен анын аялы Айгүл Жапарованын урматына дасторкон жайылды.

Кыргыз делагациясына жапон улуттук тамактары тартылганы айтылат.

Император Нарухито 2011-жылы болгон жер титирөөдө Кыргызстан минералдык сууларды гуманитардык жардам катары жөнөткөнүнө  ыраазычылыгын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version