Site icon Reporter.kg

Пандемияга карабастан аскерге чакыруу улантылууда –сүрөт

COVID-19 илдетинин коркунучуна карабай аскерге чакыруу иш-чаралары улантылып жатат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жазгы мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу тийиштүү алгоритмге ылайык жүргүзүлүүдө.

Анын алкагында 3-июндан тартып, ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер бөлүктөрүнө да жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштаган.

Анда айрыкча медициналык текшерүүлөргө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Жаш жоокерлер аскер бөлүктөрүнө келгенден кийин  COVID-19 вирустук инфекциясы боюнча кошумча атайын текшерүүлөрдөн өтүүдө.
[su_image_carousel source=»media: 31146,31147,31148,31149″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version