Site icon Reporter.kg

Панфилов районунда 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Панфилов районунун аймагында милиция кызматкерлери жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-июль күнү Панфилов РИИБдин кызматкерлери, Каинды шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу максатында «Кара Куурай» аталышындагы иш-чара жүргүзүлдү.

Иш-чараланын алкагында бүгүнкү күндө Каинды шаарынын аймагында жапайы өсүүчү кара куурай аныкталып, 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды.

Мындан тышкары, учурда милиция кызматкерлери, иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүүгө байланыштуу түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version