Пара Азия оюндары: Кыргызстандык көзү азиз жөө күлүк күмүш утту

Кыргызстандык көзү азиз жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Жалалидин Абдувалиев 5 чакырым аралыкка жарышка түшүп, бул аралыкты 17 мүнөт 18 секундда чуркап өткөн. Жыйынтыгында ал күмүш байгеге татыган. Эскерте кетсек, аталган мелдеш 20-октябрда башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат. … Читать далее Пара Азия оюндары: Кыргызстандык көзү азиз жөө күлүк күмүш утту