Site icon Reporter.kg

Пара берип жатып кармалган министрдин орун басары эки айга камалды

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине ири өлчөмдө пара берип жатып колго түшкөн Транспорт жана жолдор министринин орун басары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди  Мындай чечимди Бишкектин биринчи май райондук соту кабыл алган.

Ушундай эле чечим менен суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору да эки айга камакка алынган.

Белгилей кетсек, министрдин орун басары менен агенттиктин директору сотко чейинки өндүрүшкө фигурант катары катталган министрликтин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотууну көздөшкөн. Алар 7-февраль күнү  УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлерине 10 миң доллар берип жатканда кармалган.

Белгилей кестек, 2018-жылдын 5-декабрында Транспорт жана жолдор министринин ошол кездеги орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалган.

Ал тендерге катышкан чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң доллар сураган.

Exit mobile version