Site icon Reporter.kg

Пара менен кармалган Аламүдүндүн прокурорлору үй камагына чыкты

Пара алып жатып кармалганы айтылган Аламүдүн районунун прокурору Эдил Стакеев жана орун басары Акылбек Мойдунов үй камагына чыкты. Бул маалыматты “Репортерго” Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун прокурору жана орун басарынын баш коргоо чарасы 13-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралган. Анда мамлекеттик айыптоочу шектүүлөрдү үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирип, сот аны канаатандырган.

Ал чечимге ылайык, шектүүлөр 13-январга чейин үй камагында болушат.

Exit mobile version