Site icon Reporter.kg

Пара менен кармалган Апенов иштен алынды

Таалайбек Апенов президенттин администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет Таалайбек Апеновду пара алып жаткан жеринен кармаган. Тагыраагы, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында, соттолгон адамдын маселесин оң тарапка чечип, ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп “С.Н.” аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

 

Exit mobile version