Site icon Reporter.kg

Пара менен кармалган кызматкердин кабинетинен 1,5 миллионго чукул сом табылды,  — сүрөт   

Экономика министрлигинин жетекчилеринин бири 100 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрда кызматтык бөлмөсүндө кызматтагы адамга 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан Экономика министрлигинин алдындагы Банкроттук иштер боюнча Департаментинин директорунун орун басары «Б.Э.А.» кармалган. 

Ал адам банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Департаменттин атайын администратору ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге катышуудан баш тарткандан кийин, анын функцияларын көзөмөлгө алынган кызматкерге өткөрүп берүү максатында ага карата банкроттук жол-жобону киргизүүгө, акыркы ишканалардын биринин атайын администрациясынын ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен кетирүү үчүн көрсөтүлгөн каражаттарды сунуштаган.

Мындан сырткары, кармалган адамдын кызматтык бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда  1 миллион 331 миң 300 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылып, ал акча каражаттарынын кайдан келгендиги аныкталууда.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

[su_image_carousel source=»media: 42167,42168″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Exit mobile version