Пара менен кармалган Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директору Төлөнов ооруканага түштү

Пара менен кармалган Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директору Төлөнов ооруканага түштү

Пара менен кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы Бактияр Төлөнов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «24.kg» өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, Бактияр Төлөнов инфаркт алган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-январда Төлөновдун баш коргоо чарасы каралып, №1 тергөө абагына 9-мартка чейин камакка алынган. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.

9-январда Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директору Бахтияр Төлөнов Бишкектеги кафелердин биринде 800 доллар пара алганга шектелип кармалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>