Сузактагы салык органынын инспектору ишенимден кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул туурасында Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору ишенимден кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду.
Анын кызматтан бошотулушуна патентти жабуу маселесин оң жагына чечүү үчүн жергиликтүү тургундан пара алуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган.
Жалал-Абад: Салык кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түштү