Site icon Reporter.kg

Пара жеңил атлетика: Кыргызстандык эки спортчу лицензиялык мелдешке катышууда

Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча эки спортчусу Паралимпиадага лицензия ойнотулган «Дүйнө Гран-При» мелдешине катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Швейцариянын Ноттвил шаарында өтүүдө. Турнир 2-июнда башталган, 9-июнда жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:

— Жалалидин Абдувалиев (жөө күлүк), Илья Тяпкин (коштоп жүрүүчү);

— Гүлназ Жүзбаева (жөө күлүк), Юлия Фернас (коштоп жүрүүчү).

Спортчулар мелдешке башкы машыктыруучу Алмаз Абировдун жетекчилиги алдында катышууда.

Эскерте кетсек, Паралимпиада оюндары Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин  өтөт.

Exit mobile version