Site icon Reporter.kg

Парламент айыл чарба министрлигине Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 21-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогору Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. 

Анда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги каралды.
Анын жыйынтыгы менен депутаттардын көпчүлүгү колдоп берди.

Белгилей кетсек, бүгүн эле айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев кызматтан алынган.

Анын ордуна Тилек Токтогазиев жалгыз талапкер катары сунушталды.

Exit mobile version