Site icon Reporter.kg

Парламент өкмөттү отставкага кетирүү сунушун четке какты

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетин отставкага кетирүү боюнча “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын чечимин четке какты.

Мындай чечимге 48 депутат макул, 9 депутат каршы добуш берди.

Фракциянын мындай чечимине Адахан Мадумаров мурда маалымдагандай, Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн пенсия, социалдык жөлөкпул жана башка социалдык жардамдар жашоо минимумунан төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыздайт деген талаптарынын сакталбагандыгы себеп болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version