Site icon Reporter.kg

Парламент Байсаловду кызматтан алууну президентке сунуштады

Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» жана «Мекенчил» депутаттык тобу министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдиль Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жолдоду.

Бүгүн биргелешкен жыйында Глобалдык фонддун 29 миллион доллар каражатын бөлүштүрүү боюнча маалымат угулду. Депутаттар айрыкча 884 миң доллардын гомосексуалдар арасында профилактика жүргүзүүгө бөлүнүп жатканына нараазы болушту.

Эдил Байсалов акчаны бөлүштүрүү боюнча маалыматы жоктугун жана бул тармакты көзөмөлдөбөстүгүн билдирди.

Депутат Нарматова Эдил Байсаловго кызматтан кетүүнү сунуштады (видео)

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version