Жогорку Кеңештин аппарат жетекчси парламент депутаттарын кезексиз жыйын өткөрүүгө чакырат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу кабарлады.
Анын маалыматына караганда, жыйын кворум толсо бүгүн, 6-октябрда «Достук» отелинде өтөт.
5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгып, 6-октябрга караган түнү алар Жогорку Кеңештин жана УКМКнын имаратын басып алышкан.