Site icon Reporter.kg

Парламент кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди бекитти

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамды үч окууда кабыл алды.

Келишимин бекитүүгө 86 депутат добуш берди. Анын ичинен 85 депутат «макул», 1 депутат «каршы» болду.

Мындан тышкары жыйында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы автоунаа жолдорун куруу, суу-энергетика боюнча келишимдер да бекитилди.

Эске салсак, 13-мартта Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында эки өлкөнүн башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан.

 

 

Exit mobile version