Site icon Reporter.kg

Парламент Мамбеталиевди маданият министри кылып дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Мирбек Мамбеталиевди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.

Мамбеталиевдин талапкерлиги парламенттин бүгүн, 26-февралдагы жыйынында каралып, аны 72 депутат колдоп, каршы добуш бергендер болгон жок.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын октябрынан бери маданият министри болуп келген Алтынбек Максүтов 21-февралда кызматтан бошотулган. Анын ордуна Мирбек Мамбеталиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Exit mobile version