Парламент соцөнүктүрүү министри кызматына Солтонбекованын талапкерлигин жактырды

Парламент соцөнүктүрүү министри кызматына Солтонбекованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары социалдык өнүктүрүү министрлигине Ализа Солтонбекованын талапкерлигин бир добуштан жактырды.

Аны парламентке бүгүн, 25-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тааныштырып, анын талапкерлиги парламенттин эки комитети тарабынан колдоо тапканын айтты.

Жыйында депутаттар Солтонбекованын  кесипкөйлүгүнө жана социалдык маселелерге байланыштуу  суроолорду берип, каалоо тилектерди айтышты.

Белгилей кетсек, 28-октябрда эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине Аида Исмаилованын талапкерлиги каралып, депуттаттардын колдоосуна ээ болгон эмес.

Аталган кызматты 2018-жылдын октябрь айынан бери аркалап келген Улукбек Кочкоров 6-октябрдагы окуялардан кийин кызматтан кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>