Парламент Улукбек Марипов башында турган жаңы өкмөттү жактырды

Парламент Улукбек Марипов башында турган жаңы өкмөттү жактырды

Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрликке сунушталган Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралып, жыйынтыгында эл өкүлдөрү колдоп беришти.

Депутаттар бир катар суроолорду беришти, сын-пикирлер аз айтылды.  Суроолордун көбү өкмөттүн түзүмүнө байланыштуу болду.

Жыйынтыгында депутаттар жаңы өкмөттү дээрлик бир добуштан колдоп беришти.

Марипов башында турган өкмөттүн 16 мүчөсү болот. Жаңы курамда мурдагы алты кызмат жоюлган. Айрым министрлик, агенттик, комитеттер бириктирилген.

Өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүчө:

— Марипов Улукбек Асамидинович — Кыргыз Республикасынын премьер-министри;

— Новиков Артём Эдуардович- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

— Кармышаков Улукбек Тойчуевич — Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри — вице-премьер-министри;

— Асанкулов Жеңиш Асанкулович — өкмөттүн аппаратынын жетекчиси — министри;

— Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович (Кыргыз Республикасынын президенти менен макулдашуу боюнча) — Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

— Чынбаева Асель Рыспековна — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович — Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри;

— Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич — Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

— Иманалиев Кайрат Олжобаевич — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

— Ажикеев Бообек Эргешович — Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

— Ниязбеков Улан Омоканович — Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

— Абдралиева Гулмира Курманбековна — Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;

Турдубаев Кубанычбек Апышевич — Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;

Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

— Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич (Кыргыз Республикасынын президенти менен макулдашуу боюнча) — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>