Парламентте Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусуна бир бөлмөлүү батир берүү сунушталды

Парламентте Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусуна бир бөлмөлүү батир берүү сунушталды

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер сааты өтүп жатат. Анда вице-спикер Мирлан Бакиров Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү үй батир берүүнү сунуштады.

Бакиров Изабековдун спортто чоң жетишкендикти алып келгенин эске салды.

«Күлүктү саяпкер таптайт. Президент Айсулуу Тыныбекова 3 бөлмөлүү батир берип, колдоо көрсөттү. Эми Өкмөт эстафетаны алып, кийинки колдоону машыктыруучу Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү батирди берсеңер чоң колдоо болот. Алдыда Токиодо өтө турган олимпиаданын астында стимул болуп, Тыныбекова олимпиаданын чемпиону болот деген үмүткө кошкон салыңыздар болот», — деди ал.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>