Парламентте айыл чарба багытын камсыздандыруу механизмин киргизүү сунушталууда

Парламентте айыл чарба багытын камсыздандыруу механизмин киргизүү сунушталууда

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төраганын орун басары Мирлан Бакиров айыл чарба багытын камсыздандыруу механизмин киргизүүнү өкмөткө сунуш кылды.

«Аба ырайына байланыштуу аймактарда мал кармагандар, дыйканчылык кылгандар чыгымга учурап калууда. Мисалы, Суусамырдагы окуя дыйкандардын 5 миң гектар арпасы кар алдында калды. Ошондон улам айыл чарба багытындагы камсыздандыруу механизмин карап көрүүбүз зарыл. Бул механизм Орусия, Беларусия жана башка мамлекеттеринде бар. Эл миллиондогон жоготууга дуушар болууда.

Суусамырга ӨКМден өз маалында аларга маалыматтар жеткен жок окшойт. Жайлоодогу мал кармаган адамдарга, дыйкандарга оперативдүү маалымат берилген эмес. Зыянга учурагандар тууралуу өкмөт атайын комиссия түзүп, мамлекет тарабынан кандайдыр бир жардамдарды көрүү керек. Жайыт төлөмүн жоюп, мал башына төлөм алып, аны толук өлкө бюджетине түшүргүдөй кылып, бир бөлүгүн камсыздандырууга кароо зарыл», — деди Бакиров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>