Парламентте БШКнын мүчөлүгүнө Сариевдин талапкерлиги каралууда

Парламентте БШКнын мүчөлүгүнө Сариевдин талапкерлиги каралууда

Бүгүн, 4-октябрда «Ала Арча» мамлекеттик резиденциянда Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө Акылбек Сариевдин талапкерлиги каралууда.

Акылбек Сариевдин талапкерлиги Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын мурдагы орун басары Атыр Абдрахматованын ордуна “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы тарабынан сунушталган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети Акылбек Сариевдин талапкерлигин жактырып, парламенттин жалпы кароосуна жиберген.

Абдрахматова 16-октябрда кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, 28-октябрда Жогорку Кеңеш анын арызын канааттандырган.

Акылбек Сариев 2010-2011-жылдары БШКнын төрагасы кызматын аркалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>