Парламентте депутаттар Өкмөттү азык-түлүк коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды

 Парламентте депутаттар Өкмөттү азык-түлүк коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды

Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Алсак, депутат Айнура Аскарова азык-түлүктүн кымбатташы калкка оорчулук туудуруп жатканын белгилеп: «Айрыкча аз камсыз үй-бүлөлөр жана пенсионерлер үчүн оор сокку болууда. Өкмөт тиешелүү чаралары кабыл алышы керек», — деди.

Ушул эле маселеге депутат Айнура Осмонова токтолуп: «Бизде тамак ашка керектүү май чыгарган бир эле ишкана бар. Алардын бардык документтери камсыздалган. Бирок иштебей келет. Андыктан, импортко карата көз карандылыкты азайтып, май чыгарган ишкананы Өкмөт колдоого алышы зарыл», — деп кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>