Site icon Reporter.kg

Парламентте эки депутат Ташиев үчүн мушташа кете жаздады — видео

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында депутаттар Өмүрбек Бакиров менен Фархад Исмаилов мушташа кете жаздады.

Жыйынды кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып, Өмүрбек Бакиров Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кетти.

Андан кийин депутат Фархад Исмаилов Камчыбек Ташиевге болушуп, кесиптеши Өмүрбек Бакировго сөз сүйлөп, жулунду. Эки депутатты башка эл өкүлдөрү мушташка жеткирбей токтотуп калышты.

Ага чейин Ө.Бакиров менен К.Ташиев айтыша кеткен. 

Мени бышырып жегиле: Бакиров менен Ташиев айтыша кетти (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version