Парламентте ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрүбүз туура пайдаланылбай жатканы айтылды

Парламентте ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрүбүз туура пайдаланылбай жатканы айтылды

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин ар кандай маселелер саатында Депутат Аалы Карашев ЕАЭБге Кыргызстандын мүчөлүгү боюнча абдан көп ой-пикирлер, сын-пикирлер болуп жатканын айтып, бул уюмдагы мүчөлүгүбүздөгү мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланылбай жаткандыгы боюнча көз карашын билдирди. Депутат Кыргызстандан эки эсе кичинекей мамлекет Арменияны мисалга тартып, алар ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу менен өлкө экономикасында өнүгүүлөрүнүн көрсөткүчтөрүн тизмектеди.

Депутат Азизбек Турсунбаев ЕАЭБге мүчө болгонубузга 4 жылдын жүзү болгону менен дагы деле көп мүчүлүштүктөр болуп жатканына токтолду. Ал аткаруу бийлигине кайрылып, бул багытта мыйзамдарга түзөтүү киргизүү зарыл болсо, мыйзам долбоорлорун алып келүүгө үндөдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>