Парламентте ири өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү керектиги сунушталды

Парламентте ири өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү керектиги сунушталды

Кыргызстандагы ири ишканалды ишке киргизүү менен өлкө аймагындагы жумушсуздук маселесин чечүүгө өбөлгө болмок. Мындай пикирин бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар кандай» маселелер саатында депутат Бакирдин Субанбеков билдирди.

«Кара-Балта жана Токмок шаарлары Совет өкмөтү маалында өндүрүшү жогору өнүккөн шаарлардын бири болчу. Бирок, эгемендүүлүк алгандан бери ал шаарлардагы ири өндүрүш жайлары иштебей турат. Алардын баары Өкмөттүн карамагында. Андыктан, инвестиция тартуу менен ири завод, фабрикаларды иштетүү жагын колго алышыбыз керек», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле Чүй облусунун малчыларынын кайрылуулары тууралуу да сөз кылган эл өкүлү, Суусамырдагы дарыяга көпүрө салып, жайыт маселесин чечүүнү көтөрдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>