Парламентте «Кумтөр» кенинде жоголгон эки жумушчуну издөө иштерине кошумча күч тартуу керектиги айтылды

Парламентте «Кумтөр» кенинде жоголгон эки жумушчуну издөө иштерине кошумча күч тартуу керектиги айтылды

«Кумтөр» алтын кениндеги урандынын алдында калган эки адамды издөө жумуштары создугуп кетти, ага кошумча күчтөрдү тартуу зарыл. Мындай сунушту бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Чойбеков берди.

«Ушу тапта 11 күндөн бери «Кумтөр» алтын кениндеги урандынын алдында калган эки адамды издөө жумуштары жүрүүдө. Эмнегедир издөө иштери создугуп кетти. Ага кошумча күчтөрдү тартуу зарыл.

Ооба, жоголгон адамдарды издөө жумуштары өтө татаал жана катаал шартта жүргүзүлүп жатат. Менимче, Казакстан, Кытайдан, Орусия сындуу өлкөлөрдөн да кошмча күчтөр тартылса жакшы болмок», — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>