Парламентте «Кумтөрдүн» келечеги боюнча маселе көтөрүлдү

Парламентте «Кумтөрдүн» келечеги боюнча маселе көтөрүлдү

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Улан Примов декабрдын башында «Кумтөр» кенин иштеткен аймакта кен казуудан чыккан топурак-таш ташындылары көчүп, 2 жаран белгисиз бойдон калып, табылбай жаткан окуя тууралуу ой-пикирин ортого салды.

«Кен казуудан чыккан топурак-таш ташындылар экологияга канчалык таасир этет? Интернет булактарында адистер ар кандай кооптуу жагдайларды айтып чыгышууда. «Кумтөрдүн» келечеги кандай болот? Иштетүүдөн чыккан 170 куб метр топурак-таш ташындылары коркунуч жаратпайбы?», — деген собол салды эл өкүлү.

Примов келечекке көйгөй жаратышы мүмкүн болгон маселелер боюнча кенен талкуу болушу керектигин баса белгиледи.

«Кен иштетилип бүткөндөн кийинки акыбалды эске алуубуз керек»,- дейт депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>