Парламентте мончодо зордукталган бала тууралуу маселе көтөрүлдү – видео

Парламентте мончодо зордукталган бала тууралуу маселе көтөрүлдү – видео

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-январдагы жыйынында интернетке тараган мончодо зордукталган баланын тасмасы тууралуу маселе көтөрүлдү. 

Анда депутат Айсулуу Мамашева ИИМдин өкүлүнөн бул окуя боюнча кандай маалыматтар бар экенин, кандай иликтөө иштери жүрүп жатканын сурады. 

Буга ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов тасмадагы окуя Орусиянын Алтай облусунда болгонун бул тууралуу маалыматтар ЖМКларга таратылганын айтты. 

“Ушул тасма тууралуу ар түрдүү маалыматтар айтылып жатат. Биринде Алтайда болгон дейт, биринде башкача айтылат. Так маалымат берип коёсуздарбы, иликтөө жүрүп жатабы?”, — деди Мамашева. 

Буга Каниметов окуя боюнча иликтөө жүргөнүн анын жыйынтыгы менен окуя Кыргызстанда эмес, Орусияда болгону такталганын айтты. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>