Site icon Reporter.kg

Парламентте Төө-Ашуудагы жолдун абалы сынга алынды

дорога

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «ар кандай» маселелер каралып жатат. Анда депутат Калдарбек Баймуратов Төө-Ашуудагы жолдун абалын сынга алды.

Эл өкүлү Өкмөттү Төө-Ашууда абалга ыкчам көңүл бурууга чакырып: «Даярдыктын жоктугунан жолдогу абал карапайым элди кыйноодо», — деди.

Өтмөк ашуусу (Талас району) унаалар үчүн жабык. Бул тууралуу Reporter.kg’ге бүгүн эртең менен Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Кар күрткүсүнөн улам жол жабык болгону кабарланууда.

Буга чейин калың жааган кардан улам таксисттер Өтмөк ашуусуна кар көчкү түшүп, унаалар өтө албай жаткандыгын кабарлашкан.

Exit mobile version